Издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
"12-декабрда УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын КМКнын кызматкери Р.С. табылып кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда С.Р. аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
УКМК С.Р. аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.
УКМК мамлекеттик органдар системасындагы, өзгөчө, укук коргоо системасындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантат.
Октоябрь РИИБи аталган шектүү жаран ноябрь айында кызматтан кеткенин билдирди.
УКМК кармалган милиция кызматкерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 135 миң доллар алган деген шек менен 6-декабрда издөө жарыялаган.