Футбол: Гүлжигит Алыкулов гол+пас көрсөткүчү боюнча "Кайрат" клубунда мыктылардын катарына кирди

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов клубда гол+пас көрсөткүчү боюнча мыктылардын катарына кирди.

Клуб гол+пас көрсөткүчүндө мыкты болгон 10 футболчунун тизмесин жарыялады. Анда Гүлжигит Алыкулов 6 голу жана 6 жолу голдук пас чыгарып бергени үчүн 10 мыкты футболчунун ичинен 3-орунга жайгашкан.

1-орунга чабуулчу Вагнер Лав жайгашты. Ал бул сезондо 17 гол киргизсе, 11 жолу голдук пас чыгарып берген. Экинчи орунга 17 голу жана 8 жолу голдук пас чыгарып бергени үчүн чабуулчу Хосе Канте жайгашкан.

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубу менен Казакстан Кубогун жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BISHKEK-312
2021-12-13 16:16:41
Кетишиң керек башка клубка Гүжүн По!
+2
bayern-munchen
2021-12-13 16:31:30
Гулжигит запаста олтуруп ушунча жетишиптир молодец кетишин керек казак клубунан эмгегинди баалабайт булар Кенжесариевди дагы майып кылган бул манкалар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан