Дээрлик 6 миллион сомго жакын. Бишкекте Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого сарпталган каражат боюнча мэриянын түшүндүрмөсү

"Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого "Бишкек жарык" ишканасы 5 миллион 687 миң 500 сомдук тендер өткөргөн. Бул сумма коомчулукта талкууга алынганына байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы түшүндүрмө берет.

Калаа башкармалыгы бул суммага 25 метрлик балатыны гана эмес, "Ала-Тоо" аянтын жасалгалоого кеткен чыгымдар да кирерин маалымдайт.

"Балатыны, аянтты кооздоого 30дан ашуун муниципалдык кызматтын жумушчулары, бир канча техника тартылды. Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери борбордук көчөлөрдө да жүргүзүлөт. Аллеялар, аянттагы ар кандай объектилери гирляндалар менен оролуп, көчөлөрдөгү бактарга чоң көлөмдөгү оюнчуктар илинди.

Мэрия былтыркы жылы сатып алып, бирок артып калган декоративдик каражаттар көйгөй жаратат", - дешет мекемеден.

Ошондой эле калаа башкармалыгы Жаңы жылдык балатыны кооздоо боюнча маселеге жарандардын жана блогерлердин кайдыгер карабай реакция кылып жатканына кубанычта экенин, аларды Жаңы жылга карата даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйындарына катышууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
alinsan
2021-12-13 16:39:12
саапсынар да байкуш мамлекетти
+2
suban78
2021-12-13 18:47:54
Мамлекетти эмес, бизди, биз тологон налогдорду жеп атышат, демек элди жеп атышат.
Бут эле алдамчы, куу тулкулор, мителер толуп алган окшойт мам.кызматтарга. Кантип эле алты миллион кетсин.
Жапаров, Ташиев деле таза эмес окшойт. Ошолордун адамдары чон болуп иштейт да "бишкек жарыгында".
Балык башынан сассыйт.
+3
suban78
2021-12-13 18:48:56
Негизи эле тендер деп шылтоо кылып акча жеген эн оной жол экен. По своему мини оффшор.
+2
bond0202
2021-12-13 21:07:15
6миллионго даканса бутургуло эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан