Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираты) барды.
Аны аэропорттон жылуу тосуп алганын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Буга чейин Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапары менен барары, анда бир катар жолугушуулар өтөрү маалымдалган.