Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Азербайжандын биринчи президенти Гейдар Алиевдин бул дүйнөдөн кеткенине 18 жыл болгондугуна байланыштуу президент Ильхам Алиевге эскерүү катын жөнөттү. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Урматтуу президент, 12-декабрда Азербайжандын биринчи президенти, атаңыз Гейдар Алиевдин бул дүйнөдөн кеткенине 18 жыл болду. Мен Азербайжандын досторунун кыргыз клубунун бардык мүчөлөрү сыяктуу эле ишенем, биздин бүткүл элибиз бул легендарлуу тарыхый инсандын жаркын элесин терең урматтайт.
Сиздин атаңыз чындап эле дүйнөлүк деңгээлдеги улуттук лидер болгон. Азербайжанды өзүнүн заманбап тарыхындагы эң оор учурда башкарып, ал өлкөнү эгемендүүлүк жолуна ишенимдүү алып барган. Гейдар Алиев өзүнүн күчүнө жана келечегине ишенген, дүйнөлүк аренада жогорку кадыр-баркка ээ болгон бүгүнкү динамикалуу өнүгүп жаткан Азербайжандын пайдубалын түптөгөн. Сиз атаңыздын татыктуу уулу жана улуу миссиясынын улантуучусусуз.
Азербайжандын чыгаан уулун эскерүү күнүндө түрк элдерибизде салт болуп калгандай, Жараткандан: “Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун” деп тилейм", - деп жазылган эскерүү катта.