Окуучулардын кышкы каникулу 31-декабрда башталып, 12 күнгө созулат

Өлкөдө окуучулардын кышкы каникулу 31-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине байланышканыбызда белгилүү болду.

Министрликтен кабарлашкандай, кышкы каникулда мектеп окуучулары 12 күн эс алышат.

"Окуучулардын кышкы каникулу 31-декабрдан баштап 11-январга чейин созулат. Сабактар 2022-жылдын 12-январынан башталат", - деп билдиришти министрликтен.

Эске сала кетсек, 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан