Бишкекте баңгизат менен алектенген каналга бөгөт коюлду

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ири баңгизат каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймактарында иштеп жаткан баңгизат каналдарына бөгөт коюлган. Анда 28-октябрда Бишкек шаарынын Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде К.К. аттуу жарандан көзөмөл жүргүзүш үчүн гашиш баңгизатын сатып алууну кызматкерлер жүргүзүшкөн.

Андан ары Каракол шаарында аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизатын сатуу учурунда 1971-жылы туулган, буга чейин Бишкек шаарында баңгизаттарды сатуу менен алектенген К.К., 1970-жылы туулган Б.Д. жана 1968-жылы туулган, К.Т. аттуу жарандар кармалып, 4 килограммдан ашуун гашиш алынган.

Мындан сырткары, кармалган К.Т. жана Б.Д. аттуу жарандардын жашаган жери тинтүүгө алынып, 6 кап жана 1 баштык марихуана табылган. Эки жаран тергөө изоляторуна киргизилип башка кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан