Таласта "Чыңгыз-Ордо" тарыхый комплексин курууда аткарылган иштер ашыкча бааланганы аныкталды. Шектүүлөр 2 айга кармалды

УКМК Таластагы "Чыңгыз-Ордо" тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштер ашыкча бааланып, Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Бул туурасында коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан белгилешти.

Маалым болгондой, 2018-жылы Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан "Чыңгыз-Ордо" тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендер жарыяланган. Анда курулуш башкармалыгы жеңүүчү деп табылган "Бийиктик Инвест" компаниясы менен белгисиз себептер менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 миллион 73 миң сомго келишим түзгөн.

"Объекттин курулушу башталгандан бүгүнкү күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалып, аткарылган иштердин көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буюртмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган. Атайын уюштурулган "Чыңгыз-Ордо" тарыхый-маданий комплексиндеги ишти текшерүүдө айрым жумуштар ашыкча бааланганы, жалпы 6 миллион 179 миң 952 сомго бааланганы аныкталды.

Мындан тышкары Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисинин катышуусунда подрядчы тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буюртмачы кабыл алган факты аныкталды.

Алынган далилдердин негизинде 10-декабрда Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси Н.У.А. жана "Бийиктик Инвест" компаниясынын директору С.К.А. кылмышка шектүү катары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда УКМК тарабынан жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан