Жалал-Абадда адырда оттоп жүргөн жылкылар турак үйдүн чатырына кулап, ичине түшүп кетти

Жалал-Абад шаарынын Курортный ключ көчөсүндөгү адырда оттоп жүргөн жылкылар кокусунан адырдын түбүндө жайгашкан турак үйдүн чатырына кулап ичине түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-декабрь күнү болгон. Жылкылар түшүп кеткен үйдүн ээси 11:25 чамасында шаардын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган. Куткаруу иштерине тартылган №58 өрттөн 5 куткаруучусу жылкыларды үйдөн чыгарып ээсине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан