Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов борбор калаадагы абанын булганышы боюнча GIZ'дин (Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугу) Кыргыз өлкөсүндөгү директору Йоахим Фритц менен талкуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда GIZ'дин өкүлдөрү калаадагы экологиялык абалды жакшыртуунун негизи боло турган "абанын булганышына каршы күрөшүү" долбоорун сунушташты.
Биринчи вице-мэр Максатбек Сазыкулов германиялык өнөктөштөргө бул демилге үчүн ыраазычылык билдирип, шаардык муниципалитет аталган долбоорду колдоого даяр экенин белгиледи. Ошондой эле абанын булганышы адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган олуттуу экологиялык көйгөйлөрдүн бири экендигин кошумчалады.
Долбоордо абанын булганышына каршы күрөштүн илимий жактан бекемделген мыкты базасы жана белгиленген иш-аракеттерди ишке ашырууга жардам бере турган чаралар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары жеке секторлордо жылытуунун альтернативалык системасынын эффективдүүлүгүн көрсөтүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары бүгүнкү күнгө карата абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү чоң шаарлардын арасында 20-сапта турат.