Бишкекте 29 жаштагы Сталбек уулу Солто дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын апрель айында милицияга шаар тургуну кайрылып, уулу Солто Сталбек уулу 22-апрель күнү саат 18:00 чамасында борбордогу Учкун кичи районундагы үйдөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, чачы кара.
Кимде ким сүрөттөгү жаранды көрүп билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0 702 49-88-88, 0 772 84-73-36, 0 557 11-94-10, 0 709 33-24-63 жана 102.