Жаңы жылдык майрамдардын алдында Бишкек шаарынын базарларында мурдагыдай эле аптасына бир ирет санитардык күн уланат. Мындай тапшырманы мэр Айбек Жунушалиев район акимдерине тапшырганын шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев акимдерден базар кызматкерлери арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эмдөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талап кылды.
Мындан тышкары чарба жүргүзүүчү субъекттер дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле аймакты жана ага чектеш жер тилкелеринде санитардык тазалоо иштерин өткөрүп турууга милдеттүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары шаардагы “Орто-Сай” базарынын соодагерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптар бир нече жолу бузулуп, базарды дезинфекциялоого арналган күнү ишкердик жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Андагы сатуучуларга санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 17 миң 500 сом өлчөмүндө антисанитардык акт түзүлгөн.
Ошондой эле өкмөттүн 2020-жылдын 11-майында бекитилген №244 токтому менен убактылуу санитардык нормаларды жана эрежелерди аткарууну бузгандыгы үчүн Санэпидкөзөмөл борбору тарабынан базардын чарбакер субъекттерине карата 52 миң 500 сом суммасында 28 айып пул салынганы кабарланды.