Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери уурдоого шектелген жаранды кармады

Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери уурдоого шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу райондук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү саат 09:55 чамасында борбор калаадагы соода борборлорунун бириндеги бутиктен уюлдук телефондор уурдалган. Андан соң шектүүлөр белгисиз тарапка качып кетишкен. Жалпы чыгым 42 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү катары 2003-жылы туулган Ш.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан