Сокулукта алдамчылыкка шектүү жарандар изделет. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, издөө жарыяланган жарандарга 166 жана 204-берене менен (экөө тең эски редакция боюнча) сотко чейинки кылмыш иши ачылган.
Изделип жаткандар:
1) Людмила Кадыкеева, 1976-жылы туулган;
2) Жыргал Абдишева, 1979-жылы туулган;
3) Сергей Ким, 1977-жылы туулган;
4) Кенжебек Аширалиев, 1975-жылы туулган.
Аты аталган жарандарга Сокулук РИИБи тарабынан издөө жарыяланган. Кимде-ким изделип жаткандар тууралуу маалымат билсе, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери суранышат.
Байланыш номерлери: 0(3134) 5-33-80, 0(312) 60-75-67, 0(558) 86-14-86.