Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2020-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы талкууланды

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин кезектеги отурумунда “Республикалык бюджетинин 2020-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында аталган маселе боюнча финансы министринин орун басары Мелс Аттокуров баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Сайдулла Нышанов 2020-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышына карата Эсеп палатасынын корутундусуна кызыкты. “Корутундуда бюджеттин аткарылышы айрым жагдайлардан тышкары, бардык багыттар боюнча мыйзам талаптарына жооп берери белгиленген. Айрым жагдайлар дегенди кандай түшүнсөк болот?”, - деп сурады.

Эсеп палатасынын төрагасы эл аралык стандарттарга ылайык, жаңы ыкма колдонулганын белгилеп, анда айрым жагдайлар боюнча баа берилгенин кошумчалады.

Ал эми депутат Осмон Турдумамбетов 2020-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча жооптуу кызмат адамдары жок экенин белгилеп, буга COVID-19 илдетине байланыштуу козголгон кылмыш иштерин мисал кылды. Укук коргоо органдарынын өкүлү аталган суроого жазуу түрүндө жооп берерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан