Эзелки атаандаштык! Месси менен Роналдо Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында бири-бирине каршы ойнойт

Атактуу футболчулар Криштиану Роналду менен Лионель Месси Чемпиондор Лигасынын финалында бири-бири менен кез келет. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жарыялашты.

Бүгүн, 13-декабрда Швейцариянын Ньоне шаарында плей-офф баскычына өткөн 16 команданын арасында 1/8 финалдагы атаандаштарды аныктоо үчүн чүчү-кулак иш-чарасы болуп өттү. Анын жыйынтыгында англиялык "Манчестер Юнайтед" клубу менен франциялык "ПСЖ" клубу бири-бирине каршы ойной турган болду.

Эске салсак, "Манчестер Юнайтед" клубунда белгилүү форвард Криштиану Роналду, ал эми "ПСЖ" клубунда атактуу футболчу Лионель Месси ойнойт.

Аталган эки командадан башка клубдар төмөнкүдөй болуп бөлүнүштү:

"Бенфика" (Португалия) — "Реал Мадрид" (Испания);

"Вильярреал" (Испания) — "Манчестер Сити" (Англия);

"Атлетико Мадрид" (Испания) — "Бавария" (Германия);

"Зальцбург" (Австрия) — "Ливерпуль" (Англия);

"Интер" (Италия) — "Аякс" (Нидерланды);

"Спортинг" (Португалия) — "Ювентус" (Италия);

"Париж Сен-Жермен" (Франция) — "Манчестер Юнайтед" (Англия);

"Челси" (Англия) — "Лилль" (Франция).

1/8 финалдык баскычтагы алгачкы беттештер 15-16 жана 22-23-февраль күндөрү орун алат. Ал эми оюндардын экинчи бөлүгү 8-9 жана 15-16-мартта болот. Чемпиондор Лигасынын 2022-жылдагы сезонунун финалдык беттеши 29-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dastan_nookat
2021-12-13 19:00:37
Жоко чыкты го кайрадан болот экен чүчү кулак
+3
Fernando_Torres
2021-12-13 19:29:06
dastan_nookat,неге жокко чыкты
-2
dastan_nookat
2021-12-13 19:37:23
Fernando_Torres, техникалык жактан дейт ко
-2
dastan_nookat
2021-12-13 19:38:22
Маалыматты чыгабайсынарбы кайрадан болот чүчү кулак
0
Fernando_Torres
2021-12-13 19:45:04
dastan_nookat,кайтадан болот экен оа Окудум
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан