Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчи Талантаалы Бакчиевди тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Талантаалы Бакчиев - манасчы, "Манас" эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору.
Эдил Байсалов Талантаалы Бакчиевге ишинин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.