"ПСЖ" клубу "Реал Мадрид" менен. Чемпиондор Лигасында кайрадан өткөрүлгөн чүчү-кулактын жыйынтыгы жарыяланды

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалы үчүн кайрадан өткөрүлгөн чүчү-кулактын жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Экинчи жолу өткөрүлгөн чүчү-кулактын жыйынтыгы алгачкысынан бир топ айырмалуу. Алар төмөнкүдөй:

"Зальцбург" - "Бавария"

"Спортинг" - "Манчестер Сити"

"Бенфика" - "Аякс"

"Челси" - "Лилль"

"Атлетико Мадрид" - "Манчестер Юнайтед"

"Вильярреал" - "Ювентус"

"Интер" - "Ливерпуль"

"ПСЖ" - "Реал Мадрид"

Эске салсак, алгачкы жыйынтык атаандаш командаларды аныктоодо эреже бузулду деген негизде жокко чыгарылган.

1/8 финалдык баскычтагы алгачкы беттештер 15-16 жана 22-23-февраль күндөрү орун алат. Ал эми оюндардын экинчи бөлүгү 8-9 жана 15-16-мартта болот. Чемпиондор Лигасынын 2022-жылдагы сезонунун финалдык беттеши 29-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bayern-munchen
2021-12-13 21:50:22
Каап Бавария Залцбургду смело талкалап салат Эми бирок Псж Реал. Интер-Ливерпуль. Атлетико- Ман ютд дерзко болот
+4
BISHKEK-312
2021-12-13 22:06:33
bayern-munchen,Бенфика-Аякста тытышат көрөсүң. Бирок Псж рмадан өтө албайт 70% гарантия менден)!
-3
bayern-munchen
2021-12-13 23:11:49
BISHKEK-312,тушунуктуу сен Реалдын фанаты экенсин бирок мен нейтралмын состав ПСж кучтуу
+3
BISHKEK-312
2021-12-14 14:27:12
bayern-munchen, Жогай, рмага фанат болгончо өзбектердин пахтакоруна фанат болгон алда канча жакшыго)).
0
ErkinOkenovich
2021-12-13 22:02:44
ИнШшАлла ошол кундор келе берсин
0
tsunse
2021-12-14 00:36:22
Чемпиондор лигасы албетте өтө кызык, менмин деген дөө шаалар, белгисиз клубтарга жеңилип калат. Эң татыктуу саперниктер атлетик м-ман ю. Реал-Псж. Эң кызыгы Реал Псж го дейм. Азыр бул командалар фоварит. Оюн жогорку денгээлде өтөт.
+1
bayern-munchen
2021-12-14 12:07:01
tsunse,Реал фаворитби анда Лилль деле фаворит окшойт ээ Ливерпуль Бавария Ман Сити анда ким
0
Antiradikal10
2021-12-14 14:27:18
ПСЖ бул жолу Реалды басып чейрек финалга отот. Бул менин жеке пикирим. Бавария, Ман.сити, Ливерпулдун чейрек финалга отооруно менде ишеним чон.

Ал эми бул турнирдеги эн кызык таймаш Атлетико Мадрид менен Ман.Юнайтед ортосунда болот го дейм. Экоо тен фаворит эмес, 50/50.
+1
bayern-munchen
2021-12-14 15:01:39
Antiradikal10,туура Атлетико и Мю кучтору Тен дагы Бир жуп бар почти Тен эле Виляреал ювентус
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан