Москвада өткөн аралаш уруш боюнча (ММА) WEF турниринин тандоо туру кыргыз жана өзбек күйөрмандардын массалык мушташы менен аяктады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өзбекстандык Намазан Самиев аттуу мушкер тандоо турундагы жеңишинен соң каалаган атаандашы менен беттешүүгө даяр экендигин билдирген. Ага зал ичинен атаандаш табылып, турнирдин уюштуруучулары эки мушкерге көз караштар таймашын өткөрүүнү сунушташкан. Ал эми көз караштар таймашы учурунда Намазан Самиев атаандашын күтүүсүздөн тизеси менен башка тээп жиберген.
Анын эрежеге сыйбаган мындай аракетинен соң октагонго 50дөй адам чуркап кирип, өзбек мушкерине чабуул коюп сабап киришкен. Натыйжада октагондун ичинде массалык түрдө мушташ орун алганы кабарланды.
Александр Лютиков аттуу журналисттин айтымында, залдагы ызы-чууну күйөрмандардын бири токтотууга жетишкен. Ал мушташты токтотууга аракет кылып жүргөн адамдын "Өзбектер, кыргыздар, биз бир тууган элбиз. Эмне кылып жатасыңар? Бул деген спорт. Спортто мындай боло берет", - деп кыйкырып жүргөнүн билдирди.