Акыркы бир сутка ичинде 3 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, каза болгондордун бардыгы Бишкек шаарында катталган.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 773 адам коронавирустан каза болду.