Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө кайрадан келди

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Мурдагы президент бүгүн, 14-декабрда "Манас" аэропортуна конгон. Ал "Кумтөр" боюнча сурак береби же жокпу азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. 8-августта Аскар Акаев Бишкек-Москва багыты боюнча учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
futboler
2021-12-14 10:41:17
Чуркап барат Токтайым.
+3
Dembele84
2021-12-14 10:48:30
Болду эми келип конуп алды,келе берет кааласа
+8
Asmat84
2021-12-14 11:17:51
Кыргыз өлкөсүн сазга батырган ушул акмак болчу. Бирок адилеттик жоктугунан кылмышкерлер каалагандай келип кетип тайраңдап жүрүшөт
+8
VENOM
2021-12-14 11:28:35
Эх Акаев от души иштеп берсең Казакстандын деңгээлине жетип калат белек биз дагы..
+6
Antiradikal10
2021-12-14 11:35:39
Садырдан башка бири болсо Акаевден баштап Кумторго тиешеси болгон эл душмандарын пачкалап камайт эле, бут байлыгы, уй-мулкун конфискациялап... А Садырынар кайра Акаевди урматтап тосуп алып кайра урматтап узатып журот.........
+5
Kuban-1207
2021-12-14 12:00:13
Antiradikal10,Туура урматтап тосуп алсын Жеенбековдоду деле камабай бошотту
-5
modem4999
2021-12-14 12:48:13
Аман болсо жооп берет бул киши дагы
-2
Antiradikal10
2021-12-14 14:18:46
Садыр бийликте болсо Аскар Акаев камалбайт.
+2
Ak_Bulut
2021-12-14 21:30:36
Акаевдин заманы өттү кетти , эми абышканы боктогондон пайда жок. Келип кете берсинчи
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан