18 жаштагы акын Темирлан Матыбаев казак төкмөлөрү менен айтышып, 1-орунду ээледи

Казакстандын Көкчөтоо шаарында өткөн эл аралык айтышта 18 жаштагы Темирбек Матыбаев биринчи орунду багындырды. Бул туурасында акын Асылбек Маратов тарабынан белгилүү болду.

Айтымында, айтыш кечээ, 13-декабрда орун алып, жакшы деңгээлде өттү. Анда быйыл эле чыккан Темирбек Матыбаев казак элинин алп акындары менен мыкты деңгээлде айтыш куруп, 1-орунга ээ болду. Ал эми Асылбек Маратовду улуу деп Көкчөтоо жамааты кыргыз-казактын салты менен ат мингизип узатышты.

Айтышка жалпы 14 төкмө катышты.

Темирбек Матыбаев 13 жашында "Айтыш коомдук" фондуна келген. Ал маркум Элмирбек Иманалиевдин шакирти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Барс
2021-12-14 11:21:05
Азамат! Арышың арымдуу боло берсин!
+4
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-14 14:07:13
Азаматсың Темирбек силер бар устатыңар өлбөйт өнөрүң өркүндөй берсин
+4
Maku1
2021-12-14 19:46:32
Кут болсун! Азамат!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан