Чүй облусунун Сокулук районунда аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага денесинен ар түрдүү жаракат алып, бир аял жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Анын негизинде дароо окуя болгон жерге Сокулук РИИБинин ыкчам-тергөө тобу чыгып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда жогорудагы аялдын аты-жөнү аныкталып, ал 1980-жылы туулган К.Э. экендиги такталып, ал эсине келбей каза болгон.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын күйөөсү 1973-жылы туулган Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча мас абалында аялы менен уруша кетип, жыйынтыгында жубайы алган жаракаттарынан улам каза болгон. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.