Спецназдар менен милициялар кардар катары шектүүлөр менен жолугушкан. Ысык-Көлдө баңгизатын сатуу менен алектенгендер кармалды

Ысык-Көлдө баңгизаттарын ири өлчөмдө сатып өткөрүү менен алектенген топтун мүчөлөрү аныкталып, кармалышты. Шектүүлөрдү кармоого ИИМдин "Шумкар" атайын операцияларды өткөрүү отрядынын жоокерлери көмөк көрсөтүштү.

Облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, аймактын үч тургуну мыйзамсыз сатуу максатында үйлөрүндө ири өлчөмдө баңгизатын сактап жүрүшкөнү жөнүндө маалымат түшөт. Маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин алкагында 38 жаштагы К.А., 39 жаштагы Б.Т. жана 26 жаштагы Т.А. жарандар аныкталып, кармалды. Шектүүлөр баңгизаттарын сатууну же унаага алмаштырууну көздөп кардар издеп жатканы белгилүү болду.

Милициянын ыкчам кызматкерлери сатып алуучулар катары шектүүлөр менен кезигишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Сүйлөшүүдө шектүүлөр мыйзамсыз сактап жүргөн баңгизаттарын Ниссан жана АУДИ-100 үлгүсүндөгү унааларга алмашууга макул болушат. 42 даана ширеңке кутучасына салынган баңгизаттарын өткөрүп жаткан жеринен кылмышка шектүүлар колго түшүрүлдү.

Ал эми 39 жаштагы Б.Т`нын үйүн тинтүү учурунда жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк табылды.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча алынган далил заттар гашиш жана марихуана экени аныкталып, гашиштин жалпы салмагы 658 граммды түзсө, марихуананын жалпы салмагы 239 граммды түздү. Кылмышка шектүүлөр Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда", - дешти башкармалыктын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан