Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Ысык-Ата РИИБине тургун арыз менен кайрылып, анын 18 миң сомдук телефонун жана 15 миң сом акча каражатын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттаган.
"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2004-жылы туулган өспүрүм кармалган. Учурда шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти облустук милициядан.