Токмок шаарында кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү Токмок ШИИБине А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрынан 11-ноябрга чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан тигүү цехинен 4 даана кийим тигүүчү машиналарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 130 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Териштирүү иштеринин натыйжасында 1988-жылы туулган Д.М. жана 1989-жылы туулган А.У. аттуу жарандар жогорудагы кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан