Алдыда Жаңы жыл, корпоративдик кечелер. Министрлик салюттарды атуудагы эрежелерди эске салат

Бир канча күндөн кийин Жаңы жылды тосуу алдында турабыз. Майрамга шаң, көрк берген атрибуттардын бири пиротехникалык каражаттар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникалык каражаттарды салтанат үчүн колдонууну пландаштырып жаткандарга эскертүү берет. Ага ылайык:
Пиротехникалык каражатты тандоо
* Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз;
* Пиротехникалык каражаттардын кутусунун сыртындагы колдонуу эрежелери, сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз;
* Сөзсүз түрдө жарактуу мөөнөтүн текшериңиз;
* Ным болгон пиротехникалык каражатты албаңыз. Мындай каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тескери тарапты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптөрдү өрттөп жиберүү коркунучу бар;
* Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал.
Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери
* Сатып алган соң суу кылып алуудан этият болуңуз. Эгер ным болуп калса колдонбостон жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка жол ачат;
* Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек;
* Пиротехникалык каражатты колдонуу алдында кунт коюп, нускама менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонуңуз;
* Эң коопсуз жер - бул короо жана бак-дарак өспөгөн ачык аянтчалар эсептелинет;
* Тандалган жердин айланасын дыкаттык менен карап чыгыңыз. Жакын жерде (100 метр аралыкта ) өрт коркунучу бар объектилер: унаа токтоочу жай, жыгач сарай, гараж, электр өткөрүүчү зымдар жана башка ушул сыяктуу болбошу керек.
* Билигин (фитиль) күйгүзүүдө колуңузду созуп от жандырыңыз да, алысыраак качыңыз;
* Жогорудагы жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат. Себеби учкундары терезенин ачык жери же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. Ошондуктан үйдөн алысыраак барып, ылайыктуу жерди табууга аракет кылыңыз.
Тыюу салынат!
* Атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келгенден алыс болуңуз. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге таштаңыз. Айрыкча колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаңыз. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзүңүзгө атылып кетиши мүмкүн;
* Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле пиротехникалык каражаттын курамын өзгөртүүгө болбойт;
* Пиротехниканы жабык жайларда бөлмөдө, кеңседе колдонууга уруксат берилген жана колдонууга тыюу салынганын айырмалай билиңиз. Бул нускамасында жазылуу болот;
* Балдардын өз алдынча пиротехникалык буюмдарды жандыруусун тыкыр көзөмөлгө алыңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан