Акчаны күмөндүү компанияларга бербегиле. ИИМ жарандарды каржы пирамидасынан сак болуу үчүн кеңеш берет

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана алдамчыларга алданбоо үчүн төмөнкү кеңештерди берет.

- Финансылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн эң эле жөңөкөй нерсе – этият болуу керек.

Акчаны күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип бербегиле.

- Финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешкиле.

Акчаны берерден мурун сөзсүз бардык документтерин текшергиле (лицензия, күбөлүк жана башка).

- Финансылык отчёттуулугун жана жетекчилик тууралуу маалыматтарды сурагыла. - Компаниянын кирешеси эмненин эсебинен түзүлгөнүн жана сиздин акча кайда кетерин сурагыла.

Финансылык пирамиданын төмөнкү белгилерин эсиңизден чыгарбаңыздар:

1. Көп акчаны убада кылуу

2. Сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул финансылык пирамида. Жашырынган финансылык пирамидалар да болушу мүмкүн. Продуктусу бар, бирок аларды эч ким колдонбойт.

3. Сиздин негизги тапшырмаңыз башка адамдарды тартуу.

4. Тийиштүү болгон финансылык отчётту бербесе, эгерде аталган мекеме тууралуу маалыматтар жашыруун болсо, ага акчаңызды салардан мурда терең ойлонууңуз керек.

Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын жана жеткиликтүү болот. Эгерде сизге карата алдамчылык аракеттер жасалган болсо, анда жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууңузду же 102 номерине чалуу зарылчылыгын белгилейбиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Monsterbek
2021-12-14 12:42:49
Эмнеге мамлекеттен Финансы пирамидаларын текшербейт, эмнеге ошол финансы пирамидаларга мамлекеттен тыюуу салынбайт дагы карапайым элге сак болууга чакырат? 1 жаштагы баланын колундагы бычакты коруп туруп кантип сак бол деп айтасын, аны коруп туруп жон эле колунан тартып аласын ошол сыяктуу эле мамлекет озу эле ошол финансы пирамидаларын озу жаап коюшу керек!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан