Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бешинчи кабаттан 16 жаштагы кыз секирип аман калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-декабрдан 14-декабрга караган түнү саат 23:10 чамасында болгон. Анда 16 жаштагы өспүрүм кыз Караколдогу көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына чыгып боюн таштаган.
"Кыз учурда облустук ооруканада. Алдын ала маалыматтарга караганда анын эч жери сынган эмес. Азыркы тапта ал эмне себептен бул ишке барганы боюнча маалыматтар чогултулууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.