Акылбек Жапаров Дубайдын эмири менен "Експо-2020" көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонуна барды

Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум менен Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук павильонуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз павильонунун көргөзмө стенддери менен таанышуу учурунда Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумга кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, ошондой эле туристтик потенциал, экономикалык өз ара аркеттенүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Белгилесек, бүгүн Дубай шаарында «EXPO 2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чара өтөт. Көргөзмөнүн аймагында ар кыл маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Monsterbek
2021-12-14 15:04:09
Улуу урматуу, масканызды кийип алсаныз жакшы болмок!
0
Kg-04
2021-12-14 18:01:20
Улуу урматту де келтиресин да Бакиевдин аркы жагын жакшы эле тазалаган
-1
Kg-04
2021-12-14 18:02:39
Негизи азыр бийликте Бакиевдин кадрлары иштеп атат но жалан начарлары
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан