Бүгүн, 14-декабрда апасынын жолун жолдогон жаш ырчы, өспүрүмдөр арасында таанымал болгон Айыма Бекболиева 14 жашка толду. Туулган күнүндө ал "Я и ты" аталышындагы жаңы чыгармасын жана клибин күйөрмандарынын сынына койду.
Ал эми апасы Анжелика кызын туулган күнү менен куттуктап Айфон үлгүсүндөгү телефон тартуулады. "Кызым 15 жаштын жашоосуна аттанды. Ал чоң сыноодон өтүп жатат. Баары жакшы болот", - деп кызына өмүр, бакыт каалады.
Айыма Урмат Бекболиев менен Анжеликанын тун кызы, ал 2007-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1-класстан 5-класска чейин түрк лицейинде окуган. Кийин жеке мектепке которулуп, учурда 8-класста билим алууда.
Айыма Бекболиеванын репертуарында "Жаштык жолу", "Заблокируй", "Алдыга умтул", "Я и ты" ырлары бар. Андан тышкары ал өспүрүмдөрдөн турган "Алга" тобунун солисти.
14-декабрга карата жылнаама.