Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө Кумтөр иши боюнча келгени белгилүү болду

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө Кумтөр иши боюнча келген. Бул тууралуу мурдагы министр Бекболот Талгарбеков билдирди.

"Акаевди эч ким суракка чакырган жок. Ал өзү Кумтөр боюнча иштерди бүтүргөнү келди. Ал УКМКга качан барары белгисиз. Ал кайра 3-4 күндө кетет", - деди Талгарбеков.

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 14-декабрда келген.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. 8-августта Аскар Акаев Бишкек-Москва багыты боюнча учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
joke81kg
2021-12-14 17:47:07
Бир эки жолу кеип кетет эчким унчукпаса бир жолу кочуп келет Акаевбин артынан ушу кунго чейин онуго албай журобуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан