"Париж-2024": "Спортчулар кайык менен сүзүп". Олимпиаданын ачылыш аземи биринчи жолу стадиондо өтпөйт

2024-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өтөт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар жайкы Олимпиада оюндарынын көп жылдык салтын бузуп, ачылыш аземди стадиондун сыртында өткөрөт. "Париж-2024" Олимпиадасынын уюштуруу комитети бул Олимпиада тарыхтагы "эң укмуштуу" ачылыш аземи болорун жарыялады. Уюштуруучулар аземге 600 миң көрүүчү келет деп күтүп жатат.

200дөн ашуун өлкөнүн спортчулары жана расмий өкүлдөрү менен 160тан ашык кайык Париждин борборундагы Пон-д'Остерлиц жана Понт-Д'Йена көпүрөлөрүнүн ортосунда дээрлик 6 чакырым аралыкта сүзөт. 2024-жылкы Олимпиаданын жабылыш аземинин Эйфель мунарасын караган Трокадеро аянтында өткөрүлүшү пландалып жатканы белгиленди.

Парижде өтө турган Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан