Чүйдө жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү Сокулук РИИБине Новопавловка айылынын жашоочусу 1984-жылы туулган А.Ж. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейинки убакыт аралыгында анын 2006-жылы туулган кызын 1995-жылы туулган С.К. аттуу жаран зордуктаганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Териштирүү иштеринин алкагында жабырлануучу 2006-жылы туулган Б.А. мыйзамдуу өкүлү жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда суралып, ал жогорудагы бала менен Инстаграм аркылуу таанышып, алар 6 ай сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, ошол учурда жыныстык катнашта болушканын билдирген. Кийин бала башка кызга үйлөнүп алганда, болгон окуя тууралуу апасына билдиргени маалым болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында 1995-жылы туулган С.К. кармалган. Ал жогорудагы кыз менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айтып, алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирген. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.