Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда “Жалал-Абад электр” ААКсына жалпысынан 9 миллион 592 миң 894 сомдук зыян келтирген деген шек менен кассир жана инженери кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ноокен районунун мамлекеттик сектордогу абоненттерден Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын кассасына түшө турган акчадан, кассир менен ишкананын эсеп-кысап боюнча инженери К.А. өз ара сүйлөшүп алып, райондун мекеме-ишканалардан электр энергиясына болгон төлөмдөрүн 1-С программасы аркылуу “РСК Банктан” төгүлгөн деп жалган маалыматтарды көрсөтүп киргизип, банктан берилүүлүчү накталай төлөмгө берилген квитанцияларды жасалмалап, 2015-жылга 1 миллион 2016-жылга 2 миллион 935 миң 835, 2017-жылга 2 миллион 600 миң сом жана 2018-жылга 3 миллион акча каражаттарын өз кызыкчылыктарына ыйгарып алышкан.
Натыйжада “Жалал-Абад электр” ААКсына жалпысынан 9 миллион 592 миң 894 сомдук ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча материал 2019-жылдын 30-январында Ноокен РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 13-декабрь күнү шектүү катары 1980-жылы туулган К.А. жана 1966-жылы туулган И.У. аттуу аял киши кармалган. Эртең алардын баш коргоо чарасын райондук сот карайт", - деп жазылат маалыматта.