Бир кездеги "тамашоучулар" Кадыр Жарматов менен Икрам Юлдашев дуэт жаздырышты

"Тамашоу" долбооруна "No name" командасынын катарында катышып, көпчүлүккө таанылган Икрам Юлдашев жана Кадыр Жарматов дуэт жаздырышты. Тамадалардын ыры "Байчечегим" деп аталат. Жаңы жылдык иш-чаралардан кийин ырга клип тартуу пландаштырылып жатканын Кадыр Жарматов билдирди.

Айтымында, бул чыгарма Икрам Юлдашев экөөнүн экинчи дуэти.

"Жыл сайын командабыз менен концерт коёбуз. Биринчи дуэтибизди жаңылык болсун деп былтыр ырдаганбыз. Эл жакшы кабыл алган. Икрам экөөбүз тандем түзүп, тойлордо тамадалык кыла баштагандан кийин экинчи ырыбызды жаздырдык. Буюрса, Жаңы жылдык иш-чаралардан кийин клип тартабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-12-15 13:46:54
Икрам өлө жагат, молодец бала.
-1
abusait
2021-12-15 22:47:21
Ийгилик силерге..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан