Бишкекте мас абалында кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалып, ага карата 7 протокол толтурулду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрь күнү Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 02:50 чамасында Дэн Сяопин жана Патриса Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Nissan Mistral унаасын токтотушкан.
Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей токтобой кетип калган. Качуу учурунда коомдук коопсуздукту бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жана коркунуч келтирген. Ыкчам аракеттин натыйжасында Nissan Mistral үлгүсүндөгү унаа Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен кармалып айдоочу 1973-жылы туулган Р.К. экендиги аныкталган. Ал мас абалда болгон.
Бул факты боюнча айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн укук бузуулар тууралуу жалпы 7 протокол толтурулуп, унаа айып короого киргизилген.