Бишкекте күч колдонуп жарандын телефонун тартып алганга шектүүлөр кармалды

Бишкекте тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, 12-декабрь күнү түнкү саат 00:20 чамасында Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар уулуна күч колдонуп телефонун тартып алып, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Издөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүү катары 2003-жылы туулган эки бала кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Djumahmatov
2021-12-15 09:12:06
Кантип ушуларардын күчү жетти экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан