Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 86 пайызын аялдар түзгөн

Өлкөдө калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөткөн атайын жайларга, кризистик борборлого 2020-жылы 10 миңге жакын жаран кайрылган. Алардын 86 пайызы аялдар экенин Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашат.

"2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, кризистик борборлорго кайрылгандардын 37 пайызын 18 жаштан 34 жашка чейинки кыз-келиндер түзгөн. Ал эми эркектер арасында зомбулукка кабылгандардын жаш курагы топторго бөлүнөт. Бирок 50 жаштан ашкан эркектер зомбулукка эки ирет кабылышкан. Аялдар бул куракта кыйноолорго көп кабылышпайт", - деп айтылат комитеттин статистикасында.

Ички иштер министрлигинин маалыматында 2020-жылы зомбулукка кабылган 8 миң 600дөн ашуун жаранга убактылуу күзөт ордерлери берилгени айтылат. Бул цифра 2019-жылга салыштырмалуу 32 пайызга көп. Кыйноолорго, зомбулукка кабылгандардын санынын өсүшү тиешелүү органдардын, мекемелердин ишинин жакшыруусуна, COVID-19 пандемиясынан үй-бүлөлөрдөгү социалдык чыңалуунун курчушуна байланыштуу экени белгиленет.

"2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча козголгон кылмыш иштери 2019-жылга салыштырмалуу 1,9 пайызга төмөндөгөн. Ал эми жаракат алып дарылангандар 1 миң 85ти түзгөн. Дарыланууга муктаж болгондордун ичинен көпчүлүгү аялдар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан