Бишкектин Рухий-Мурас жаңы конушундагы үйлөр жаратылыш газына туташтырылып, салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов катышты.
"Дагы 5500 жашоочу ишенимдүү жана экологиялык жактан таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул үчүн компания тарабынан жалпы узундугу 26 чакырымды түзгөн үйлөрдүн короолору аркылуу өткөн жана жер алдындагы газ өткөргүчтөрү курулду.
Конушту газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасын газдаштыруу боюнча Башкы схемасынын жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында 2021-жылдын июнь айында башталган.
Жаңы конуштагы жумуштардын баары күбөлөндүрүлгөн материалдарды колдонуу менен атайын норма жана стандарттардын бардык талаптарына ылайык аткарылды", - деп айтылат мэриянын маалыматында.