Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарындагы "Masdar City" жогорку технологиялык экошаарчасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Абу-Даби шаарындагы "Masdar City" жогорку технологиялык экошаарчасына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген экошаардын иши менен таанышты, анда жашыл экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, электромобилдердин иши жана жогорку технологияларды өнүктүрүү долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду.

"Masdar City" долбоору күн энергиясы жана башка кайра жаралуучу энергия булактары менен камсыздалган шаардын курулушун, ошондой эле абага көмүр кычкыл газын минималдуу чыгаруу менен туруктуу энергетикалык чөйрөнү, шаардык таштандыларды толугу менен кайра иштетүү системасын камтыйт.

Акылбек Жапаров экошаарга болгон сапарынын жүрүшүндө чет мамлекеттердин алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларын колдонууну эске алуу менен жашыл экономика демилгелерин жана долбоорлорун иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, президент тарабынан жакын арада электр энергиясын, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга киришүү милдети коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Isken90
2021-12-14 18:38:39
Без тольк эле барып келип журо беришет экенда жер коруп эл коруп бир козго корунорлук иш кылбай эле
+4
BISHKEK-312
2021-12-14 18:47:21
Дүйнөнү без толк эле кыдырып жүрүп өтүп кетет экенсиңерда элге жарытарлуу иш кылбай!!!
+3
baisogur
2021-12-14 19:31:01
Наалыбай туралычы кундо наалый берип тил менен орок оруп калдык кече эгин эгип бугун тушумун кутуп отургандай мааниде создор жазылып калдык бул мамлектик жылыш 5жылда билинет буйруса , президент примерлер иштеп жатышат аракет кылып бирок бизда озубузду ондойлуда бири бирибизге сын айтып убакыт коротпой келгиле ар бирибиз мекенге жакшы жагыбыз менен таанылып онуп осолу дейт элем.
0
aslan_akjol89
2021-12-15 00:54:12
baisogur,Сокенин убагында 5жыл кутпойт белен андай болсо.
-1
rahat73.
2021-12-14 20:45:25
Абу Даби, Дубай,Шарджаны кыдырып келдим кумдун үстүнө эмне деген жетишкендиктерди кылышкан биз деле өнүгүп кетүү жолундабыз туура башкаруу болбой атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан