Дубай шаарындагы "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук күнү өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, БАЭ толеранттуулук министри, "ЭКСПО-2020" генералдык комиссары Нахайян бен Мубарак Аль Нахайян, расмий делегация өкүлдөрү, ишкерлер жана БАЭде жашаган Кыргыз жарандары катышты.
Иш-чара эки өлкөнүн мамлекеттик тууларын көтөрүү аземи менен башталып, эки өлкөнүн гимндери да жаңырды.
Андан соң Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
"Дүйнөлүк "Дубай ЭКСПО-2020" көргөзмөсүндөгү Кыргыз мамлекетинин улуттук күнүнө арналган иш-чаралардын бардык катышуучуларына жана конокторуна чын жүрөктөн кош келиңиздер демекчимин.
Биринчиден, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигине меймандостугу жана кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.
Биздин өлкөлөрүбүздү жалпы руханий баалуулуктар, тарых жана маданият, достук мамилелер бириктирип турат.
Учурдан пайдаланып Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигине жана боордош эмират элине өлкөнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдык мааракесине карата куттуктоо сөздөрүмдү жолдойм.
Тарыхый кыска мезгилдин ичинде өлкө жетекчилигинин көрөгөчтүк жана даанышман саясатынын аркасынан Бириккен Араб Эмираттары турмуштун бардык чөйрөлөрүндө эбегейсиз жетишкендиктерди көрсөтүп, дүйнөнүн жана аймактагы эң алдыңкы мамлекеттердин бирине айланды.
"Дубай ЭКСПО-2020" дүйнөлүк көргөзмөнүн ийгиликтүү уюштурулушу – буга ачык-айкын далил болуп берет.
Бул жылы биз дагы өлкөбүздүн улуттук юбилейлик датабызды – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын белгилегенибиз символикалуу.
6 миллиондон ашык калкы бар Кыргыз Республикасы Евразия чөлкөмүндө стратегиялык мааниге ээ болгон Борбордук Азия аймагын түзгөн беш өлкөнүн бири.
Өлкөбүздүн миң жылдык тарыхы, кайталангыс көчмөн маданияты, көп кылымдык каада-салттары бар. Байыркы доорлордо Улуу Жибек Жолу мамлекеттин аймагы аркылуу өтүп, ар кандай тилдеги жана ишенимдеги элдерди бириктирип, Евразия элдеринин цивилизацияларынын тарыхына жана өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизип, илимдердин, идеялардын, маданияттардын өз ара алмашуусуна кызмат кылган.
Билим жана илим бардык убакта экономикадагы жана коомдогу тез өзгөрүүлөрдүн драйверлери болуп келген.
Учурда атаандаштык күчтүү жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономикада зарыл болгон креативдүү идеяларга негизделген "билим экономикасын" өнүктүрүү бүткүл ааламда актуалдуу болуп жатат.
Дүйнө жүзүнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн укмуштуудай инновациялык жана технологиялык долбоорлорду чогулткан ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндө ачык байкалып турат.
Көргөзмөнүн «Акылдарды бириктирип, келечекти түзүү» деген темасынын аталышында терең символизм бар, адамзатка биргелешкен эмгек жана кызматташуу аркылуу гана алдыга жылууга болорун эскертет.
Кыргыз мамлекети алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен ишенимдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга ар дайым ачык.
Биз Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына инвестиция, алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдарбыз. Биз соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.
Экономиканын тармактарын, мамлекеттик башкарууну жана калкка кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү жолу менен тынымсыз бара жатабыз. Ал эми жакын арада турмуштун негизги чөйрөлөрүндө кардиналдуу реформаларды ишке ашырууга чечкиндүү кадам таштайбыз.
Бул контекстте Кыргыз мамлекети Бириккен Араб Эмираттары менен соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө чын дилден кызыкдар.
Эки тараптуу диалог жана өз ара байланыштар үзгүлтүксүз негизде уланууда. Ушул жылдын 9 айында өз ара соода алмашуунун көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эседен ашык өсүп, 47 миллион долларды түздү.
Туризм тармагында кызматташуунун жакшы перспективалары бар. Араб өлкөлөрүнөн, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтерге биздин кереметтүү тоолорубуз, дарыяларыбыз, тоонун таза абасы жана укмуштуудай пейзаждары жагууда.
Биздин маалымат боюнча, ушул жылдын тогуз айында, жай айларында Кыргыз мамлекетине 4 миңдей эмираттардын жараны келген.
Дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалдын турукташуусу менен бул көрсөткүчтүн туруктуу өсөөрүнө ишенем. Биз ар дайым бардык меймандарыбызга кубанычтабыз.
Ошол эле учурда кызматташуунун ишке ашырыла элек олуттуу потенциалы бар жана бул боюнча активдүү иштерди баштадык. Быйыл Кыргыз өлкөсүнө эмираттык ири компаниялардын өкүлдөрүнөн турган чоң делегация келип, биргелешкен келечектүү долбоорлор аныкталууда", - деп айтылат анын кайрылуусунда.