Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык улуттук кеңешинин иштери боюнча министри менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык улуттук кеңешинин иштери боюнча министри Абдулла бин Мухайр Аль Кетби менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, туризм, айыл чарба, энергетика жана финансы тармактарындагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык улуттук кеңешинин иштери боюнча министри Абдулла бин Мухайр Аль Кетби келечектүү инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан