Эдил Байсалов улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы омикрон штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөө жасатышы керек", - деп кайрылды Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан