Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы 1,5 миллион доза "Sinopharm" вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Манас" эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардам тапшырылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, Кытай Эл Республикасынан төртүнчү ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.