Бишкекте 53 жаштагы Аскаралы Жуманалиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Алардын айтымына караганда, ал 10-декабрда таңкы саат 6 чамасында Ак-Бата конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери:
Бою 177 сантиметр, салмагы 65 килограмм.
Кийген кийимдери: Үстүндө кара пальто, кара шым, бутунда кара түстөгү бут кийим, башында ак калпак.
"Атабызды 5 күндөн бери издеп жатабыз. 3 күн дегенде велосипедин Эне-Сай конушунан таптык. Атам сыныкчы болчу. Көргөн-билгендер болсо, кабарлап коюңуздарчы", - деди Жуманалиевдин кызы.
Жакындары изделип жаткан жаран тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну өтүнөт: 0709462699, 0708081496.