Чүйдүн Ысык-Ата районунда бир баш жылкы уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү Ысык-Ата РИИБине 1995-жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылында жайгашкан жайлоосунан белгисиз бирөөлөр 1 баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.