Франциянын борбору Парижде кыргыз сүрөтчүлөрү Айып Алакунов (сүрөт) менен Кыял Аккүчүкованын (графика) жеке көргөзмөсү ачылды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, көргөзмө Art Gallery "55 Bellechasse" 18-декабрга чейин саат 19:00 (Париж убактысы боюнча) чейин уланат.
Көргөзмөгө живопись жана графика жанрындагы ар кыл жылдардагы 32 эмгек коюлган.