“Turkvizyon-2013” фестивалында “Чоро” тобу Кыргызстандын намысын коргойт

“Turkvizyon-2013” Эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан “Чоро” тобу катышат. Бул тууралуу 17-ноябрда өткөн тандоо турунда белгилүү болду. Финалга 11 катышуучу чыгып, калыстар тобу ырчылардын аткаруу чеберчилигине баа беришти. Мындан сырткары көрүүчүлөр да жеңүүчүнү аныктоо үчүн СМС добуш беришип, жыйынтыгында аталган топ жеңүүчү аталды. Түркияда өтүүчү “Turkvizyon-2013” фетивалынын жарым финалы 17-19-декабрда, финалы 21-декабрда өтөт.

Эскерте кетсек, “Чоро” тобу "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча 2012-жылы “Жылдын супер тобу” наамына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан