"Жарайт Сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлору аркылуу таанылган актёр, вайнер Чыңгыз Султанов менен жубайы Айчүрөк үлпөт той өткөрүштү. Ак тойго түгөйлөрдүн жоро-жолдоштору, кесиптештери, шоу-бизнестин өкүлдөрү конок болушту.
Салтанат оюн-зооктор менен коштолуп, анда Чыңгыз Султанов ырдап, жубайы менен тарткан тамашалуу видеолорун меймандарга көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Султанов сүйүктүүсү Айчүрөк менен 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн. Алар 2020-жылы 3-июлда баш кошушкан.